Бүгүн, 31-майда Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде Кувейт мамлекетинин кыргыз өлкөсүндөгү Маданият күндөрүнүн расмий ачылышы өтүп жатат. Иш-чаранын ачылыш аземине аталган өлкөдөн келген расмий делегациянын өкүлдөрү, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, кыргыз өлкөсүнүн Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, атайын чакырылган коноктор, шаар тургундары жана башкалар катышты.
Кыргыз өлкөсүнүн Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов ачылыш аземде сөз сүйлөдү.
"Кувейт эли менен кыргыз элинин окшоштугу - эки элдин тең көчмөн эл болгондугунда. Андыктан маданиятыбызда да кээ бир окшоштуктар болушу мүмкүн. Ушул жылдын февраль айында Кувейтте кыргыз өлкөсүнүн Маданият күндөрү өткөрүлгөн. Эми минтип Кувейт мамлекетинин Маданият күндөрү өтүп жатат. Андыктан бул нерсе Кыргыз Республикасы менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы байланышты бекемдейт, достук мамилени чыңдайт", - деп билдирди элчи.
Көргөзмөдө Кувейт өлкөсүнүн маданиятын чагылдырган улуттук кийимдер, кемелер, колго жасалган буюмдар жана башкалар коюлган.
Белгилей кетсек, маданий иш-чара 31-майдан 3-июнга чейин уланат.