SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Премьера! Дима Билан, "Неделимые" аттуу видео жүктөлдү (ник: Cinderella).
Дима Биландын жаңы клибине дүйнөгө белгилүү модель, актриса тартылып жатканы апрель айында белгилүү болгон. Бирок ырчы да, ырчынын продюсери да сырдуу сулуу ким экенин айтпай, клип тартуу үчүн Лос-Анжелес шаарына аттанышып, толук маалымат берүүдөн баш тартып келишкен. Жакында эле ал сулуу Эмили Ратаковски экени белгилүү болду. Ал эми өткөн жумада Дима Билан көпчүлүк күткөн "Неделимые" ырынын жаңы клибин күйөрмандарына тартуулады.
Белгилей кетсек, америкалык модель Эмили Ратаковски 2013-жылы Робин Тик, Фаррелл Уильямс ырдаган "Blurred Lines" клибине тартылып бүт дүйнөгө белгилүү болгон.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.