"Медиа-портал" бөлүмүндө окуучулук кезге, эжейлерге арналып тартылган кызыктуу клип - Нурмат Садыровдун "Мугалим эже" ырынын клиби орун алды. Интернет колдонуучуларынын көптөгөн жакшы пикирлерине ээ болгон клип тууралуу ырчы буларга токтолду:
"Мугалим эже" ырын өзүм 5-классымда ырдап, кийин 9-класста жаздырып уюлдук телефондорго жүктөп ырдап жүрчүмүн. Ошондой эле шаарга келип алгач ирет ырдап чыккан ырларымдын бири, бирок көпчүлүккө тараган эмес.
Эжейлерге арналган чыгарма жок болчу, андыктан ырды кайрадан жаӊылап ырдап чыгууну чечип, 25-майга карата өзгөчөлүк, жаӊылык болсун деп бул чыгарманы жараттык. Негизи, кандай чыгарма жаратпайлы, ар дайым достор менен кеӊешип, түрдүү идеяларды талкуулап, чогуу иштейбиз. Бул клипте да ошондой болду. Клиптин идеясы досум Данияр Эрматовго таандык. Андагы башкы каармандын ролун ойногон бала Мураталы Күрөӊкеев атындагы окуу жайда 1-курста окуйт, аябай жакшы ойноп берди.
Ак-Өргөөдөгү №84-мектептин мугалимдер жамаатына ыраазычылык билдирем. Алар ар тараптан колдоого алып, бир класстык бөлмөнү бошотуп берип, окуучуларды чакырып жардам көрсөтүштү", - дейт Н. Садыров.
Нурмат Садыровдун "Мугалим эже" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.