Футбол боюнча улуттук курам Иранга каршы беттешке даярдык алкагында Кант шаарында машыгуу сборун өткөрүүдө. 29-майдан тарта футболчулар 2 маал машыгуудан өтүп жатышат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, машыгуу сборунун алкагында улуттук курам 2-июнда Ош шаарында учурдагы өлкө чемпиону - "Алай" футболдук клубу менен беттешет.