Бишкекте КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу жана "Алга" футболдук клубунун бир кездеги оюнчусу Рустам Халитовдун жаркын элесине арналган футбол мелдеши жыйынтыкталды. Аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, мелдешке 2 команда катышкан.
Жыйынтыгында 2005-2006-жылдары төрөлгөн футболчулар арасындагы мелдеште бишкектик "Дордой" футболдук клубунун оюнчулары жеңишке жетишти. Кийинки байгелүү орундарды "РСДЮШОР-2006" командасы менен "Орто-Нур" командасы багындырды.