2-июнга пландалган Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курамасы менен Экваториалдык Гвинеянын оюну өтпөй турган болду. Мындай демилге Гвинея тараптан көтөрүлдү. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар кабарлашат.
Маалыматка ылайык, Экваториалдык Гвинея 5-июнда Африканын футбол боюнча чемпиондугунун тандоо турунда Бенин курамасы менен беттешет. Алардын Ташкентке учуп келүүдөн баш тартканы ушуга байланыштуу.
Кошумчалай кетсек, буга чейин 2-июнда Өзбекстан курамасы менен кыргыз өлкөсүнүн курамасы беттешери пландалган. Бирок өзбек тараптын демилгеси менен беттеш өтпөй турган болгон. Өзбекстан көпкө чейин атаандаш издеп, акыры Экваториалдык Гвинея менен макулдашкан.
Жолдоштук оюндар 7-июнга да пландалган. Бул күнү Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы Иран менен беттешет. Ал эми Өзбекстан курамасы Канада менен күч сынашат.