Бүгүн, 1-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин иши боюнча соттук отурум улантылды.
Соттук отурумга чакырылган күбөлөр келбей калгандыгына байланыштуу соттук кароо 13-июнга жылдырылды. Прокурор отурумга чакырылган 2 күбө буга чейин өздөрү берген даректе жашабай тургандыгын билдирди. Ал эми дагы бир күбө Таласбек Токтосуновго операция жасалып, ал учурда төшөктө жатканы жана өзүнө келүү үчүн 10 күн керек экендиги айтылды.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.