"Сүтак" тасмасы Севастополь шаарында "Золотой Витязь" киносыйлыгына ээ болду

31-майда Севастополь шаарында (бул аймак учурда Орусия менен Украинанын ортосундагы талаштуу аймактардын бири) 25-Эл аралык кинофорум аяктады. Анда режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы "Золотой Витязь" сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу "Айтыш фильм" киностудиясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, фестиваль Орусия Федерациясынын Маданият министрлигинин колдоосу астында уюштурулган. Кинофестивалдын алкагында жыл сайын көркөм тасмалар, кыска метраждуу тасмалар, даректүү тасмалар ат салышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abusait
2016-06-01 13:39:58
Абдан жакшы жанылык. Бул да болсо кино индустриянын алдыга жылганы.
+1
Urmat-1989.
2016-06-01 13:40:37
мыкты тасма окшойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан