Мекендешибиз, гандболчу Талант Дүйшөбаев "Виве Кальце" клубу менен Чемпиондор Лигасын утуп алды

Кыргыз жеринен чыккан атактуу гандболчу, учурда машыктыруучу болуп иштеп келген Талант Дүйшөбаев польшалык "Виве Кальце" клубу менен Чемпиондор Лигасын утуп алды. Финалдык беттештер 28-29-майда орун алып, Дүйшөбаевдин командасы франциялык ПСЖны (буллитте) жана венгриялк "Веспремди" утту.

Мекендешибиз муну менен Чемпиондор Лигасын машыктыруучу катары 4-ирет утуп отурат. Буга чейин ал 2006-жылы, 2008-жылы жана 2009-жылы командасынын Европанын мыктысы болуусун шарттаган.

Март айында ал Польша курама командасынын машыктыруучусу катары кызматка шайланып, команданы "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aduk_aksuu
2016-06-01 19:00:39
Куттуктайбыз анда чооң футболдогудай болуптурго. Эмоциясыга сөз жок .
+4
arawan
2016-06-01 19:57:14
кыргыз элиме керектуу инсан экен
+5
barpy1
2016-06-01 20:21:25
Азамат, баракелде! Талант аке кыргыздын намысына жаралган уулдардын бири экен. Мен билгенден бул байке жеке озу гандбол оюнчусу катары да коптогон ийгиликтерге жетишип Европанын кубокторун утуп келген. Эми машыктыруучу катары да ири ийгиликтер жаратып гандбол тарыхында жаны оз тарыхын, ысмын жазып келет. Менимче Окмот Талант байкедей ага-эжелерибизди колдоп, акча бербесе да чайга чакырып жылуу созун, алкышын айтса алар да кубанып, 6 миллион колдоочусу менен сыймыктанып стимул алмак...
+4
nurkasym-2014
2016-06-01 20:46:56
Азыр биздин окмот мындай баатырларды сыйламак тугул озулорунун койгойлорун кантип чечуунун устундо иштешет.Учурдагы бийлик булар баары биригип алган мафия.
+3
Adiyu
2016-06-01 22:48:20
Бирок КЫРГЫЗСТАН учун эмне кылды?? Мекенге кызмат кылгандын ордуна баягы батышты которуп жатат.. КЫРГЫЗСТАНДЫН атын чыгарса болмок.
-2
ekaterinburg
2016-06-01 23:23:48
Adiyu,эмне кылыш керек эле?Гандбол клубун ачыш керек беле не?Болот ошо,Кыргызстандын атын чыгарып атат.
+1
Arslan12
2016-06-01 23:59:24
Азамат! Кыргызстанда жургонундо гандбол эмес уй-булондун арабасын аран тартмаксын, азыр мамлекет гандбол эмес башка кректуу тешиктерин бутой албай айласы кетип отурат го, жаштардын баары жумуш издеп талаалап журот!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан