Эротикалык кадрлары бар тасмаларга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкө аймагында көрсөтүлүп жаткан тасмалардагы порнографияны аныктоо үчүн атайын эксперттик комиссия түзүүнү көздөп жатат. Тийиштүү мыйзам долбоору учурда коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Кинематография департаментинин расмий сайтында маалымдалат.

Ал эми белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаров бул демилге тууралуу: "Мындай тыюу салуу кыргыз тасма жаратуучуларына терс таасирин деле тийгизбейт. Анткени биздин режиссёрлор эротикалык кадрлары бар тасмаларды көрүүчүлөргө сунуштабайт", - дейт.

"Элди бузуунун дагы бир жолу - кино. Өткөн жылы "Пятьдесять оттенков серого" тасмасы көрсөтүлө баштаган. Бул ачыктан ачык кыргыз элинин моралдык каада-салтын, менталитетин бузган кино болгондугуна карабай көрсөтүүнү токтотууга биздикилердин алдары жетпей койду. Андыктан кыргыз жергесинде көрсөтүлүп жаткан чет элдик тасмаларга бөгөт коюу максатында ушундай демилге көтөрүлүп жатат. Мындай тыюу салуу кыргыз режиссёрлоруна терс таасирин тийгизбейт. Анткени биздин режиссёрлор эротикалык кадрлары бар тасмаларды көрүүчүлөргө сунуштабайт. Андай тасмаларды эл да кабыл албайт. Тасма аркылуу элди, коомду тарбиялоого, жакшы же жаман жакка өзгөртүүгө болот. Андыктан мен бул демилгени колдойм",- деп билдирди Абдыжапаров.

"Кыргыз тасмасында ачык эпизоддор бар, мисалы, "Аталар керээзи", "Ээнсиреген үй" деген сыяктуу тасмалар. Демек, дагы тартыла берет да?" деген сурообузга режиссёр мындай жооп узатты:

"Бул тасмаларды тарткан режиссёр Нурбек Эген өзү кыргыз болгону менен, чет жерде жашап калган адам. Анын тасмаларынын кыргыз киносуна тиешеси жок. Жогоруда айтылган тасмалар чет өлкөлүк жарандар тарабынан каржыланган. Бирөөнүн тапшырмасы менен тартылган десем да болот. Кыргыздар каржылап тартылган тасмаларда элге жат болгон көрүнүштөр жокко эсе".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Begim_4
2016-06-02 12:14:15

Уйбулон менен такыр бир кино коруб болбойт, уят эле кылат адамды.
Эн туура демилге, колдойм, кереги жок андай кинолордун!
+4
Uson13
2016-06-02 12:22:14
Эң туура сунуш менда эки колдоп колдойм
+2
barpy1
2016-06-02 12:25:49
Эротикалык тасмалар менен сериалдар элдин ан-сезимин кыйла эле озгортуп салды. Улуу муун оздорунун жаштыгы менен азыркы жаштарды салыштырып корсун. Илгери кызга кат жазып аны бере албай сурдошсо, азыркылардын ою кантип тошокко тартуу. Никесиз кошулуу зына экенин уруп да ойнобойт. Илгери бир айылда 1-2 бузулган аял болсо, азыр ар учунчу кыз турмушунан ажырашат, анын жарымы зынакорлукка барат никесиз... Бул менталитеттин бузулушу, элдин ыймандан кетиши...
+4
tyrgon
2016-06-02 12:28:14
Режиссёр Нурбек Эгенди сотко берем кыргызды уяткарып тарткан киносу учун!
+6
Ibragim06
2016-06-02 12:28:36
Биздин айткандарыбызда таасир берер.Туугандар баарыбыз эротика аралашкан тасмаларга каршы чыгалы.
+4
xnurgul_gul
2016-06-02 19:50:58
Ibragim06,lectures+
0
barpy1
2016-06-02 12:31:23
Эротикалык кинолор айрым жеке телеканалдарда, мисалы Сентябрь телеканалында тун жарымында корсотулуп, эртеси кундузу (!) кайталанып берилуудо... Мыйзам эротикалык тасмалар менен катар эркектик дараметти которуучу каражаттар, презерватив, женский поокладкалар ж.б. рекламаларга да тыю салса экен...
+8
kutmanbek80
2016-06-02 12:42:36
Менда кошулам колдойм уйдогулор менен тв көрүү кыйын болуп баратат
+3
admin_portal
2016-06-02 12:43:50
kadamjai90, сайттын ишмердүүлүгү тууралу суроолор, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Futuro
2016-06-02 13:16:38
Тыюуу салсаңар салгыла жакшы. Бирок чет элдин кинолору бизге прокатка келгенде тыюуу салалбайсыңар. Себеби ар бир кинотеатр өзүнүн налогун төлөйт. Эгерде ага дагы тыюуу салсаңар анда интернет деген балээ бар ошияктан көрөт баары. Жэ баарына тыюуу салгыла киносайттарга [moderated]ка фейсбука ж.б Кыргыз режиссерлорго атайын жыйын өткөзүп айтыш керек ар бир киноңордо эротикалык кадрлар болбосун. Болсо коюлбайт кинотеатрдан жана канча бир өлчөмдө айып пул төлөйт.
+4
alisherchik
2016-06-02 13:47:51
Эрнест агай туура айтат!! Кошулам!!
0
miss-998
2016-06-02 13:56:59
Туура чечим!Чындыгы, уй-булоо мн кино корууга мумкун болбой баратат. Мен мисалы озбек кинолорун гана уйдокулор мн коро алам кенен кесир
+7
kuba.kg
2016-06-02 15:04:19
Эн туура уй булоо менен чону тв корушта кыйын болуп калды
+2
Adilet_adi
2016-06-02 16:34:30
Эн туура демилге! Кошуна малекеттердин(озбек) киносунда да же обушконду корсотпойт
+2
bolsunalban
2016-06-02 17:44:11
Туура, тыюу салыш керек мындай нерселерге. Кыргыздын менталитетине туура келбеген тасмаларда.
+2
admin_portal
2016-06-03 09:43:10
zaman2, кайым айтышууларга купуя кат бар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан