Чүй облусунун №3-түзөтүү абагында кылмышкер эскертүү огу атылганына карабастан, абактын сыртынан ыргытылган спирт ичимдигин алганы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 23:00 чамасында №3-түзөтүү абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кылмышкер абактын ичиндеги чектелген аймакка күзөтчүнүн эскертүүсүнө карабай басып барган. Чектелген аймактан чыккан кылмышкер абага ок атылганына карабастан абактын сыртынан ыргытылган спирт ичимдигин алууга жетишкен. Териштирүү иштеринин алкагында эскертүүлөргө баш ийбеген кылмышкер 30 жаштагы "мал уурулук" беренеси менен соттолгон А.К. аттуу жаран экени аныкталган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.