Олимпиадага 2 ай калганда Спорт агенттигинин директору кызматынан кетүү боюнча арыз жазды

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров кызматынан кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлады.

Маалыматка ылайык, спорт ишмери өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын май айынын аягында жазган. Азырынча өкмөт башчы анын арызын канааттандыра элек.

Ш.Бакиров агенттиктин директору кызматына 2015-жылы 2-июлда дайындалган.

Кошумчалай кетсек, 2016-жыл олимпиадалык жыл болуп эсептелингендиктен, Спорт агенттиги жооптуу жумуштарды аткарат. Мисалы, 2 айдан кийин (5-августта) Бразилияда Олимпиада оюндары старт алат, ал эми сентябрь айында кыргыз жеринде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
akyn-jurogu
2016-06-02 12:25:40
Дух деген жок окшойт мында? Же чарчадынбы?
+1
sirgak_92
2016-06-02 12:28:05
Alchysun aldy jechusun jedibi kim bilet
-1
BARCHA
2016-06-02 13:03:01
Озубуз болгону 6 млн калк болсок 25 жылдын ичинде 28 премьер-министр кызматка келип кеткен 29-турат . Ошондой эле Россияда 146 млн калк 8 премьер-министр,Казахстанда 17 млн калк 9 премьер-министр буну менен мен мамлекетке пайда алып келген козго корунорлук элге пайдасын келтирген жумуш ордун камсыз кылган завод, фабрикалар курулган эмес мен билген АЛА-ТОО аянты дагы эле ошол бойдон, чек ара жыл сайын бутпойт жазында баягы эле митинг, кармалганы журогу оруп калат, *келет кайра кетет* деген девиз.
0
Urmat_83
2016-06-02 13:41:15
Жон кетпейт да.Кетиришет орду бироого сатылды дп
-1
ofcourse
2016-06-04 19:17:29
Sportchular ga mamleket tolop beret da baryp kelgenin oshogo bolungon akchany jep koyso kerekda jon ketpey kalsyn....?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан