Францияда суу ташкыны 10 миллион еврого жакын зыян келтирип, 13 миң адамга ичүүчү суу тартыштыгы жаралды (фото)

Францияда нөшөрлөгөн жаандан пайда болгон суу ташкыны 10 миллион еврого жакын зыян келтирип, 13 миң адамга ичүүчү суу тартыштыгы жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Франциянын бир нече аймагында нөшөрлөп жааган жаан-чачын суу ташкынына алып келип, суунун деңгээли 2 метр бийиктикке чейин көтөрүлгөн. Анын кесепетинен 13 миң адамга ичүүчү суу тартыштыгы жаралган. Учурда жүздөгөн куткаруучулар жана аскер кызматкерлери ар бир имаратты текшерүүгө алганы маалым. Миңдеген жашоочуларды коопсуз аймакка чыгаруу максатында эки тик учак тартылганы айтылууда.

"Жергиликтүү тургундар турак жайларын таштап кетүүгө мажбур болушууда. Жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун саны азырынча белгисиз. Андан сырткары Парижде миңдеген адамдар күйүүчү майдын тартыштыгынан улам иш таштоого чыгышты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын жай айларында Францияда футбол боюнча Европа биринчилиги өткөрүлмөк.

Франциядагы суу ташкын
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
lolo.1
2016-06-02 14:20:53
Лаа Илааха ИллаЛах
+3
Tansuluu09
2016-06-02 14:26:20
Кыяматтын жакындаганынын белгиси болсо керек
Аллахым озун сактай коргун
-7
MuslimNur95
2016-06-02 14:33:52
Кудай сакта , быйылкы жылы башка жылдарга салыштырмалуу негедир кыргызстан тажикистандарда коп сел болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан