Бүгүн, 2-июнда Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо футбол боюнча улуттук курам өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубу менен беттешет. Беттеш 18:00гө туураланган.
КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, беттеште башкы калыстык милдетти Бахадыр Кочкаров аркалайт. Анын жардамчылары Исмаилжан Талипжанов менен Азирет Тешебаев, кошумча калыстын милдетин Дмитрий Машенцев аткарат.