Эл аралык футбол федерациясынын жаңы рейтингинде улуттук курам 111-орунду ээледи

Бүгүн, 2-июнда Эл аралык футбол федерациясынын рейтинги жаңыланды. Анда 209 кураманын ичинен кыргыз өлкөсүнүн улуттук курамасы 11 орун артка жылып, 111-орунду ээледи. Май айындагы рейтингде улуттук курам 100-орунду ээлеген.

Федерациянын расмий сайты кабарлагандай, Александр Крестининдин командасынын эсебинде 313 упай бар. Ал эми Азиянын командаларынын ичинен улуттук курам 15-орунду ээлеп турат.

Кошумчалай кетсек, Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунан кийин улуттук курам расмий беттеш өткөргөн эмес. Алгачкы жолдоштук беттеш 7-июнга пландалган. Анда улуттук курам Иран менен беттешет.

Рейтингдин алдынкы сабында Аргентина, Бельгия, Колумбия, Германия жана Чили курамалары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
MuslimNur95
2016-06-02 14:36:36
Азияда рейтинг боюнча алдынкы сапта кайсы олколор турат.
0
sirgak_92
2016-06-02 14:42:13
MuslimNur95,1 (45) Iran

2 (51) Korea Republic

3 (53) Japan

4 (57) Australia

5 (65) United Arab Emirates

6 (74) Uzbekistan

7 (80) Saudi Arabia

8 (84) China

9 (86) Qatar

10 (87) Jordan

11 (89) Iraq

12 (104) Oman

13 (105) DPR Korea

14 (108) Kyrgyzstan

15 (119) Turkmenistan

16 (124) Bahrain
+1
MuslimNur95
2016-06-02 14:44:26
sirgak_92, Рахмат
0
nurik11-29
2016-06-02 14:46:18
бизде ким эле бир аз эле элге таанылса ,оз кесибин унутуп шоумен жури болуп кетет,андай менен алга жылуу кыйын болот!
-5
Patriot..kg
2016-06-02 14:50:21
nurik11-29, мунун фудболго кандай тиешеси бар
+2
nurik11-29
2016-06-02 15:18:14
Patriot..kg,Азамат Байматовту тааныйсынбы ,улуттук кураманын капитан командасы,тамашоудо жури болуп отурат,фудбол менен кулкунун айрмасын билесинби!
-6
sirgak_92
2016-06-02 15:30:56
nurik11-29,Dosum al sahnaga chygyp eldi kuldurgon jok kuramdyn en mykty oiunchusu bolot reiting tushso juri bolboi koiush kerekpi ne
0
Patriot..kg
2016-06-03 18:52:32
nurik11-29, Азамат Байматов сахнага чыгып элди кулдургонун корбоптурмун
0
elmurat.kg
2016-06-03 19:36:16
капитан командасы дегин....хаха....команда капитаны болсо керек...
0
admin_portal
2016-06-03 20:11:17
elmurat.kg, башка колдонуучуларды кемсинтүүгө тыюу салынат!Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан