"Медиа-портал" бөлүмүндөгү арзышкандар, кызганыч тууралуу тартылган клиптердин бири - Руслан Абыловдун "Башка жанга чалба" ырынын клиби. Ырчы клип тууралуу буларга токтолду:
"Бул клиптин идеясы Улан Шеркулов аттуу режиссёрго таандык. Ооба, ырдын мааниси менен клиптин сюжети дал келбейт. Анткени режиссёрдун идеясы боюнча, анда тымызын маани камтылган. Клипте кыз эки жигит менен сүйлөшүп жүрүп, акырында мага кайтып келет эмеспи. Кыз баарын ойлонуп, таразалап көрүп, чын сүйгөнүн тандап кетет. Клипте "башка жанга чалба" дегени - "менден башка адамды тандап кетпе" деген ой. Клип Ысык-Көлдө, Бишкекте тартылды. Казакстанда да тартууну пландаганбыз, бирок башкы каармандын ролун ойногон кыздын паспорту жок болуп, барбай калганбыз".
Руслан Абыловдун "Башка жанга чалба" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.