4-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда манасчыларга 3 батир, 1 унаа тапшырылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына манасчы Талантаалы Бакчиев билдирди.
"4-июнда Улуттук филармонияда "Улуулукка мамиле" аталышындагы салтанаттуу иш-чара өтөт. Анда 1995-жылдан бери Манас дүйнөсүнө кызмат кылып келе жаткан манасчыларга "Саякбай фонду" тарабынан төш белги ыйгарылат. Ошондой эле 3 манасчыга 3 батир, бирөөсүнө унаа тапшырылат. Кимдерге берилери азырынча белгисиз, ошол күнү белгилүү болот. Андан сырткары "Саякбай энциклопедиясы" китебинин бет ачары болот", - дейт Т.Бакчиев.