Чүй облусундагы Ленин районунда оор кылмышка шектелип 29 жаштагы Р.А. аттуу жаран кармалды. Ал 53 жаштагы өзүнүн кайнатасын өлтүрүү кылмышы боюнча айыпталып жатат. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя спирт ичимдигинин айынан келип чыккан. Мас болгон экөөнүн ортосунда чыр-чатак жаралып, аталган жаран күйөө баласынын колунан мерт болду. Кылмыш иши козголуп, күнөөлөнүүчү камакка алынды.