Бүгүн, 2-июнда Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо улуттук курама команда менен Оштун "Алай" командасы беттеште. Жолдоштук беттеш 1:0 эсебинде "Алайдын" жеңиши менен аяктады. Голду 26-мүнөттө чабуулчу Алиа Силла пенальтиден киргизди.
Машыктыруучулар майданга төмөнкү футболчуларды чыгарышкан:
"Алай": Вахиджан Акбаралиев, Бакыт Маматов, Шухрат Рахмонов, Тимур Султанов, Нурсултан Атамурзаев, Максат Алимов, Аброр Кыдыралиев, Муролим Ахмедов, Одилжон Абдурахмонов, Теги, Алиа Силла.
Улуттук курам: Руслан Амиров, Курсант Шератов, Азамат Байматов, Дениэл Тего, Турсунали Рустамов, Бахтияр Дүйшөбеков, Эдгар Бернхардт, Ахлидин Исраилов, Мирлан Мурзаев, Антон Землянухин, Виталий Люкс.
Кошумчалай кетсек, улуттук курама команда 7-июнда Иран менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул оюн Иранга каршы беттешке даярдык алкагында уюштурулду.