Кадамжай районунда 2-июндан 3-июнга караган түнү катуу шамалдан улам электр мамылары кулап, турак үйлөрдүн чатырларын зыянга учуратты. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
2-июндан 3-июнга караган түнү катуу шамалдан улам Ак-Кыя айылындагы электр мамылары кулап, турак үйлөрдүн чатырлары кыйраган. Катталган кырсыктан улам айылда электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.
Маалыматта айтылгандай, жаратылыш кырсыгы Көтөрмө айылында да катталып, түн ичиндеги катуу шамалдан 2 электр мамысы жана турак үйлөрдүн чатырлары зыянга учураган. Ошондой эле унаа оңдоочу жайдын 80 шиферин учуруп кеткен.
Учурда ӨКМнын Кадамжай районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан атайын чаралар көрүлүүдө.