МЕДИА-ПОРТАЛ: "Бала - бакыт" ырынын клибинде кичинекей каармандар жасалмасы жок ойногонун айтат Гүлнур Сатылганова

"Медиа-портал" бөлүмүндө наристелерге арналган, ата-эне менен баланын ортосундагы мээрим, жылуу мамиле тууралуу тартылган Гүлнур Сатылганованын "Бала - бакыт" ырынын клиби орун алган. Ырчы клипти тартууда тартуучу топ жогорку деӊгээлде иштегенин, клип өзүнө да жакканын айтат.

"Клиптин идеясы режиссёр Александр Беловго таандык. Ырда бала менен ата-эненин ортосундагы мамиле айтылат эмеспи. Ырдын маанисине ылайык клип тартсамбы деп жүргөм, клип өзүмө да абдан жакты. Негизи, кичинекей балдар менен клип тарткан оор, бирок менин клибимде кичинекей каармандар жасалмасы жок, жакшы ойноп беришти. 2 ай даярданып, бир күндө тартып бүттүк. Жаш балдарды режиссёр кастинг өткөрүп тандап алды. Клипте периштенин образын жараттым. Анын жакшы тартылганы - режиссёрдун эмгеги, тартуучу топтун жакшы иштегени".

Гүлнур Сатылганованын "Бала - бакыт" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nargis
2016-06-05 09:12:57
Жалан жалгыз балдарды коргозбой ата энеси жетелеп жургон 3-4баланы коргозсо сонун болмок ,периштелер ынтымактуу уй булоодон кеткиси келбейт же коп балалуу болгула деген тилекте ,бирок бир аз татаал ыр экен ырдап жургонго,бул жеке ойум ишинизге ийгилик.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан