Белгилүү бразилиялык футболчу Роналдиньо "Кикбоксёр" тасмасында мушкер Майк Тайсон жана Жан-Клод Ван Дамм менен роль жаратат. Анда футболчу Роналдо аттуу мушташ өнөрлөрүнүн чеберинин ролун ойнойт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, тасманы тартуу иштери 2014-жылы башталган. Тасма 2016-жылы кино сүйүүчүлөрүнүн сынына коюлат.
Кошумчалай кетсек, башкы ролдо Жан-Клод Ван Дамм ойногон "Кикбоксёр" тасмасынын биринчиси 1989-жылы жарык көргөн. Тасманын жаратуучулары анда тартуу иштерине 1,5 миллион доллар коротуп, 40 миллион долларга жакын каражат тапкан. Кийинки 6 жылда тасманын уландысы катары "Кикбоксёр" деген аталыш менен дагы 4 тасма тартылган.