Бишкекте көчө спорту боюнча чеберлер өнөрлөрүн көрсөтүштү (фоторепортаж)

Бүгүн, 3-июнда Бишкектеги соода түйүндөрүнүн биринде көчө спорту боюнча мелдеш өттү. Анда көчө спорту менен алектенип келген профессионал спортчулар алгач экиден чыгып өнөрлөрүн көрсөтүштү. Алардын арасында жеңүүчүлөр аныкталды. Көчө спорту боюнча профессионалдар арасында 1-орунду Максат Кадыров жеңип алды. 2-орунду Шухрат Хадыхожаев алса, 3-орунга Алмаз уулу Дастан ээ болду. Жеңүүчүлөргө грамоталар, атайын белектер тапшырылды.

Ошондой эле мелдешке ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар да катышып, спорт менен машыгуу чың ден соолукта болуунун эң мыкты жолу экенин далилдеп өтүштү. Мелдешти көрүүгө келген жигиттердин арасында турникке тартылуу боюнча сынак болуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Эң көп турникке тартылган балдарга белектер тапшырылып жатты.

Тартынбаган, спорт менен машыккан кыздар арасында отуруп-туруу боюнча мелдеш болду. Анда 3 кыз чыгып, 50дөн ашык жолу отуруп-туруу көнүгүүсүн жасашты.

Көчө спорту
Кыздар мелдешке чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
stimyl.kg
2016-06-03 20:43:04
Оооо мен суйгон спорт туру. Азаматсынар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан