Бишкекте бүгүн, 3-июнда Борбордук Азиянын Эл аралык бий олимпиадасы башталды. Бул тууралуу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Эл аралык бий олимпиадасы 5-июнга чейин болот. Ага 10 өлкөдөн 2000 бийчи катышууда. Иш-чаранын биринчи күнүндө дүйнө элдеринин бийи, кыргыз бийи, лезгинка боюнча 600 катышуучу, ал эми эстрадалык бийге 750 бийчи күч сынашууда.
Олимпиаданын биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча тогуз жеӊүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун концерттик программасына чакыруу алды.