3-июнда борбор калаага орусиялык белгилүү "Банд`Эрос" тобу күйөрмандарына мыкты маанай тартуулоо үчүн келди. Бул топтун концертин көрүүгө келгендердин көбү жаштар эле, ошондой эле улуу муундун өкүлдөрүн да көрүүгө мүмкүн болду. Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү белгилүү инсандар: "Азия Микс" командасынын оюнчусу Ростислав Ященко, "Non-Stop" дуэтинин солисти Чолпон көңүл ачууга келгендердин катарында жүрдү.
22:00дө баштала турган концерт жааган жамгырдан улам кеч башталды. Алгач таланттуу чыгармачыл жаштар ырдап, келген конокторду бийлетсе, бири комузда кол ойнотту.
Концерт ачык асман алдында өтүп, концерт учурунда нөшөрлөп жаан жаап, катуу шамал болуп турду, бирок бул нерсе жаштардын маанайын түшүргөн жок. Тескерисинче, "Банд`Эрос" тобунун күйөрмандары топту чыдамсыздык менен күтүп жатышты. Бир топ күттүргөн соң сахнага "Банд`Эрос" тобу чыгып, хит болгон ырларды аткарды. Келген жаштар жамгырда суу болгонуна карабай сүйүктүү тобу менен кошо ырдап, бийлеп жатышты.