11-июнда кыргыз мушкери Хуршид Абдуллаев Америкада профессионалдык рингде 9-беттешин өткөрөт. Бул жолу анын атаандашы америкалык Арон Кули болмокчу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мушкердин менеджери Жаныш Осмон билдирди.
Анын айтымында, 70 килограмм салмакта орун алчу беттеш Сан-Франциско шаарында уюштурулат.
27 жаштагы Хуршид Абдуллаев Жалал-Абаддын кулуну. Бүгүнкү күндө ВКВ (Би Кей Би) уюмунун версиясы боюнча Дүйнө чемпиону. Профессионалдык рингде 11 беттеш өткөрүп, 9 ирет жеңишке жетишкен. Эсебинде 1 жеңилүү, 1 тең чыгуу бар.