Бүгүн, 4-июнда Кыргыз улуттук филармониясында Тарых жана маданият жылына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана "Саякбай манасчы" Эл аралык фонду тарабынан уюштурулган "Улуулукка мамиле" аттуу маданий иш-чара болуп өттү. Анда "Манас" эпосун камкордукка алууда жана жайылтууда өтөгөн эмгеги үчүн "Саякбай манасчы" төш белгиси менен өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиев, Кытай Эл Республикасынын жараны Макелек Өмүрбай, казак элинен чыккан жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз, экс-депутат Карганбек Самаков жана башка белгилүү коомдук ишмерлер, ишкерлер сыйланышты.
Өлкө башчы маданий иш-чарага катышкан жок.
"Саякбай манасчы" фонду тарабынан Дөөлөт Сыдыков, Рысбай Исаков, Улан Исмаилов сыяктуу манасчыларга үч бөлмөлүү батирлер берилди. Ошондой эле Улан Исмаиловго унаанын ачкычы да тапшырылды.
30дан ашык адамга "Манас" эпосун камкордукка алууда жана жайылтууда өтөгөн эмгеги үчүн "Саякбай манасчы" медалы сыйланган соң чакан концерт уюштурулуп, 12 манасчы сахнада "Манас" айтышты.