Ош шаарында Тарых жана маданият жылынын алкагында өткөрүлгөн Эл аралык Этномаданият фестивалы борбордук аянттагы гала-концерт менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ага КРнын Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Султан Раев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, өкмөттүн Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары, өлкөнүн булуң-бурчунан, чет мамлекеттерден келген коноктор, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Эл аралык Этномаданият фестивалы Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү 6 багытта өткөрүлдү. Келген коноктор байыркы көз ирмем менен улуттук каада-салт, этномузыка дүйнөсү, ар улуттун тамак-аштары, байыркы шаар, уз-чеберлердин көргөзмөсү менен тааныша алышты.