Интернет аркылуу калың элге таанылган жаш талант Нурчолпондун тушоо кесүү чыгармачылык кечеси болуп өттү (фоторепортаж)

Бүгүн, 4-июнда "Кыргыз киносу" кинотеатрында буга чейин интернет ааламында ырларын 100 миңден ашуун көрүүчү көрүп, көпчүлүккө таанылып калган жаш, таланттуу ырчы Нурчолпондун тушоо кесүү чыгармачылык кечеси болуп өттү. Ырчынын чыгармачылыгына продюсери болуп жаткан режиссёр Сүйүн Откеев, ырчынын үй-бүлөсү, окуткан мугалимдери жана башкалар күбө болушту. Кечеде алып баруучулук кызматты "тамашоучу" Самат Эркинбек уулу аркалады.

"Чыгармачылыктагы тушоо кесүү кечеме кош келипсиздер! Сиздерге үйдөгүдөй сонун ырдап берүүгө аракет кылам" деген Нурчолпон комуз менен "Келесиңби?" деген ырды аткарды. Андан соң Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр төктү" аттуу чыгармасын жана интернетте популярдуу болгон "Солнышко" деген чыгарманы гитара менен ырдады. Жолдубай Кайыповдун "Атам менен энеме", Рыспай Абдыкадыровдун "Издейм сени" чыгармасын аткарды. "Менин жакшы көргөн ырларымдын бири - "Ыр десте" деген жаш талант гитара менен ырдаганда, көрүүчүлөрдүн баары кол чаап колдоп турушту.

Кече соңунда "чыгармачыл жолу кенен болсун, эл сүйгөн, сыйлаган кыздардан болсун" деп Нурчолпонго жакшы каалоо-тилектер айтылып, бата берилди. Келгендердин баары кече эң сонун өткөнүн айтып тарашты.

Нурчолпондун тушоо кесүү чыгармачылык кечеси
Интернетте жылдызы жанган Нурчолпон чоң сахнага аттанды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Kani1994
2016-06-05 00:54:04
биринчи жолу көрүшүм жана угушум!
+5
Niet.
2016-06-05 01:03:48
оно квнщиктин колу яман узунго))))
-16
mirlanpiter
2016-06-05 02:17:40
Niet.,кыргызча жаз 'ешелмелерге' окшобой
+10
Matilda
2016-06-05 01:54:07
Кудай сакта!,бул ким болуп кетти?тааныбайт да экенмин.
+2
kanykey125
2016-06-05 02:45:28
Мен да биринчи корушум...ырынын ссылкасы кимде бар?
0
gulanda2007
2016-06-05 03:43:50
Таланты оркундой берсин,ийгилик!
+1
nur_zhoni
2016-06-05 03:58:43
Толугу менен качан коро алабыз видеосун админ
0
nur_zhoni
2016-06-05 03:59:29
Аябай соонун ырдайт бул кыз анча мынча звездага караганда
-2
omu
2016-06-05 04:05:40
Мен илгерттен эле бул кыздын ырларын угуп журом. Интернеттен Нурчолпон деп издесенер чыгат. Однодо, [moderated]да видеолору бар
0
rejepova
2016-06-05 08:12:25
кынылдайтко уну.
0
omurbekFCB
2016-06-05 10:24:30
админ. Концерттин видеосу барбы?
-3
Skvikk
2016-06-05 12:08:16
Азаматсың, Нурчолпон! Кыргыз элинин көркү болуп жүрө бер, чоң-чоң ийгиликтерге жетип. Кыргыздарды башка элдерге дагы таанытып чыксаң болот эле, мисалы, Россиянын "Голос"уна.
+1
lolo.1
2016-06-05 13:35:43
Биринчи жолу угушум Нурчолпонду
+2
bolsunalban
2016-06-05 14:10:15
Ийгилик
+1
Aziz91
2016-06-06 11:29:49
Соонун ырдайт мага пианино чертип ырдаган ыры жагат
+1
periw92
2016-06-06 17:14:37
Достор негативдуу комментарий жазгандан тажабайсынар, тескерисинче колдосонор боло. Тааныбайм дейсинер силерди таанысын деп чыгарып жатат да сайт. Ушинте бергенинерден биз онукпойбуз
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан