КИНОЗАЛ: "Көрүүчүлөр терс каарманды ойногон актрисаны сабайбыз дегенге чейин барышты" дейт "Тоңгон көз жаш" тасмасынын режиссёру

"Кинозал" бөлүмүндөгү таасирдүү тартылган кыска метраждуу тасма "Тоңгон көз жаш" деп аталат. Режиссёру - Нишанбай Топчубаев. Анда Жаркын Балыкбаева, Аскар Жетигенов, Гүлнара Эшалиева сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.

Тасманын режиссеру Нишанбай Топчубаев буларга токтолду:

"Жүрөк муздаса, бир нерседен көңүлү катуу калса, кийин жибибей коюшу мүмкүн, анан адам өмүр бою нааразы болуп өтүп кетет. Ошол сыяктуу эле көз жаш да тоңот. Андыктан тасма "Тоңгон көз жаш" деп аталат. Анда канчалык кайгыга батып, капаланып турса да эч нааразылыгын билдирбей, уулуна келинин жамандабаган эненин балага болгон сүйүүсү, мээрими көрсөтүлөт.

Тасма тууралуу идея жаралганда ага ылайыктуу актёр-актрисаларды издеп баштагам. Гүлнара Эшалиеваны көрөрүм менен терс каармандын образын жарата аларын билип, тасмага чакыргам. Аны атайын күтүп жатып тартканбыз. Бардык актёрлор жакшы ойноп беришти, ошондуктан да тасма таасирдүү болду. Интернетте кенен жайылып, көрүүчүлөр "терс каармандын образын жараткан актрисаны көрүп калсак сабайбыз" дегенге чейин барышыптыр. Анын күнөөсү жок да, болгону ал өзүнө берилген образды жеткиликтүү аткарган".

Тасмада "Эненин көз жашы акпасын. Ата-энелер ар дайым сый-урмат үстүндө жүрүшсүн" деген ой айтылып, келин менен кайнене ортосундагы мамиле, эненин сабырдуулугу, балага болгон мээрими, сүйүүсү баяндалат.

"Тоңгон көз жаш" тасмасын бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nariste...12
2016-06-06 18:02:03
Чынында келин жакшы аткарган. Бирок биз дагы коруп , келинге жинибиз келген. Негизинен берилген ролду жеткире алган. Ийгилик!
+3
Bermet_Kasymova
2016-06-06 19:59:02
Че-то мен да сабагым келип баштады.
+2
AIZAD
2016-06-06 20:56:42
Эмне деген карангычылык эми ушул?! Актрисаны сабайбыз деп.....
+4
gylburak_kg
2016-06-07 00:46:58
Омий тоба тоба кызык
0
rukopashnik
2016-06-07 00:58:29
кино актирисаны сабайбыз дегендер,эгер өзүңөрдүн келиниңер ушундай болуп калса көрөт элем сабаганыңарды...
ал дагы бирөөнүн кызы да и
0
chakieva87
2016-06-07 02:05:10
Чынында мааниси жакшы тасма. Киноого берилип корсон ал учурда кино эмес эле жанында болуп аткандай сезилет да негизи
0
kanykeim
2016-06-07 11:52:29
gulnara aiabai jakwy kyz,kinonu aiabai jakwy atkargan
0
barpy1
2016-06-07 16:38:06
Бул тасманы корбодум го, бирок "ээнсиреген уй" тасмасын тарткан режиссер-продюсерин, актер, актриссаларын сабаш керек эле ыйманга, моралга, коомдук ан-сезимге каршы корунушторду тартып пропаганда кылышканы учун...
+1
Qnet
2016-06-07 17:08:33
Мен аябай ыйлап коргом бул тасманы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан