МЕДИА-ПОРТАЛ: "Сага гана" ырынын клибин тартууда аба ырайы биз ойлогондой болбой жатты" дейт Айпери Кулбаева

"Медиа-портал" бөлүмү Айпери Кулбаеванын "Сага гана" ырынын жаңы клиби менен толукталды.

Жөнөкөйлүктү жактырарын, андыктан ашыкча сюжет жок экенин айткан ырчы клип тууралуу мындай дейт: "Сага гана" ырын быйыл жаздырып ырдап калдым. Өзүм жөнөкөйлүктү жактыргандыктан, сюжети жок эле клип тартууну чечтик. Клиптин идеясы режиссёрго таандык. Үстү ачык унаада бараткан учур тартылып жатканда жамгыр жаап жиберди. Албетте, ага карабай клип тартууну уланттык. Кийин тоодогу кадрлар алынып жаткан учурда күн чайыттай ачылып кетти. Ошол күнү унаа менен тартпаптырбыз деп калдык. Кыскасы, аба ырайы кээде биз ойлогондой болбой жатты".

Айпери Кулбаеванын "Сага гана" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан