Бүгүн, 7-июнда футбол боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы Иран курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Беттеш Кередж шаарындагы "Энгелаб" стадионунда орун алат. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, беттеш Бишкек сааты боюнча 22:30да башталат.
Иран курамасы Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 39-орунду ээлеп турат. Ал эми кыргыз мамлекетинин улуттук курамасы акыркы айда 11 орун артка жылып, учурда 111-орунду ээлеп турат.