SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Премьера! Ани Лорак, Григорий Лепс - "Уходи по-английски" аттуу видео жүктөлдү.
Кечээ, 6-июнда атактуу украиналык ырчы Ани Лорак "Уходи по-английски" ырынын клибинин дүйнөлүк премьерасын өткөрдү. Григорий Лепс менен ырдаган бул клипте ырчыны жаңы образда көрүүгө болот. Клипти белгилүү режиссёр Алан Бадоев тарткан.
"Бул клиптин үстүнөн берилүү менен иштедим. Анда Ани Лорактын артисттик харизмасын эле эмес, аялдык акылмандыгын, чеги менен өзүн өзү тымызын шылдың кылганын көрүүгө болот. Биз аны терең драмалык клиптерде көрүп көнүп калганбыз, "Уходи по-английски" чыгармасында ырчы өзүн башка жактан көрсөтөт", - деп билдирген Бадоев.