Мухаммед Алинин табытын көрүстөнгө чейин көтөрчүлөрдүн катарында Леннокс Льюис менен Уилл Смит да бар

Легендарлуу мушкер Мухаммед Алинин сөөгү 10-июнда, жума күнү жерге берилет. Анын табытын көтөрө турган 8 адамдын катарына атактуу британиялык мушкер Леннокс Льюис менен америкалык актёр Уилл Смит кирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 10-июнда мушкерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты каралган. Ага каалоочулардын баары келе аларын белгилешет чет элдик басылмалар.

Уилл Смит 2001-жылы жарык көргөн "Али" деген тасмада Мухаммед Алинин образын жараткан. Бул ролдон кийин мушкер менен актёр жакшы мамиледе болуп келишкен. Ал эми британиялык мушкер Леннокс Льюис бокс тарыхында өз чыйырын салган мушкер. Льюис Майк Тайсон, Эвандер Холифилд, Виталий Кличко сыяктуу атактуу мушкерлерди жер каратып, рингде жеңишке жетишкен жайы бар.

Кошумчалай кетсек, М.Али 3-июнда Финикс шаарындагы ооруканалардын биринде 74 жаш курагында көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
nursultan.91
2016-06-07 12:10:47
7 кун сакталат екенда табыт,бизде эртеси куну еле коётко. Жайы бейиштен болсун.
+1
Emilaika90
2016-06-07 12:16:13
салам супер инфо дагы кайсыл адамдар табытты которот? Деги акыркы сапарга узатууу зыйнаты кандкай отот7 толугураак ...


0
Nurmuhammad-1
2016-06-07 12:20:10
Тайсон чемпион деп билем. Аны камап алсыз күчсүз кылышып анан Луиске түшүргөн. Болбосо Луисти жеңүү Тайсонго кыйын эмес эле. Кличко да жеңет эле Луисти,бойду токтотпогондо. Мен Луисти жасалма чеймпион деп билем.
+3
barsa30
2016-06-07 12:23:33
Тайсон да которсо керек ..
0
argen.kg4
2016-06-07 13:06:29
Алла жайын жаннаттан кылсын.
Ал мусулманчылыкты кабыл алган элего.Жерге тезирек беришбептир.
+7
Palan4a
2016-06-07 14:22:36
У. Смит дагы ислам динин кабыл алганбы?
+1
aitowa11
2016-06-07 15:42:21
Жаткан жери жайлуу болсун! Ыйык Рамазан айында коз жумуптур бейишке кирсе керек
0
Qnet
2016-06-07 16:51:17
aitowa11,ал 3до куз жумган,рамазан айы кире элек болчу
0
Ibi86kg
2016-06-07 16:18:20
Майк Тайсон, неге келген жок ал келиш керек эле да.малымат болушуп койунуздарчы Супер, рахмат.
+1
Qnet
2016-06-07 16:52:55
Мынча кыйнашты бул мусулманды?Канчалык эрте жерге берсе ошончолук жакшы!Шоу кылабыз деп кыйнап бутушуптур да
+3
AKCAHAT
2016-06-07 18:16:46
Али дуйнодого эн белгилуу инсандардан аны мн канчалаган адамдар коштошкону келет . Бугун олуп эртеси комуп койчу катардагы бироо эмес да. Шаани шокоту болот.
0
nursultan.91
2016-06-07 18:32:52
AKCAHAT,жараткан аллахтын алдында баардык мусулмандар бирдей,атактуубу,чемпионбу миллиордер болобу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан