Кечээ, 6-июнда "Тумар" бийчилер тобу Словакиянын борбор калаасы Братиславада болгон "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" Эл аралык сынагынын финалына өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган топтун мүчөсү жана жетекчиси Эрмек Кадыров билдирди.
"Чехия жана Словакия таланттарды издейт" сынагында талантыбызды көрсөттүк. Залда отургандар, калыстар ордуларынан туруп кол чаап жатышты. Андан соң калыстар "сиздердин өнөрүңүздөрдү бардык дүйнө көрүшү керек, алтын баскычты басып, дароо финалга өтөсүздөр" дешти",- деп билдирди Э.Кадыров.
Аталган топто беш адам бийлейт. Алардын үчөөсүнүн саламаттык боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген.
"Тумар" бийчилер тобу ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендигине карабастан, коляскалар менен өнөрлөрүн көргөзүп келишет. Аталган топ буга чейин Кытай, Казакстан, Германия, Түркия, Гонконгдо өлкөбүздүн желегин желбиретип келген.