Иран менен кыргыз мамлекетинин улуттук курамаларынын ортосундагы жолдоштук беттешти омандык калыстар тейлешет. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, башкы калыс болуп Махмуд Аль-Мажрафи дайындалды. Ага оюн талаасынын 2 капталында Рашид Аль-Гайити менен Хамед Аль-Гафри көмөктөшөт.
Кошумчалай кетсек, беттеш бүгүн, 7-июнда Кередж шаарындагы "Энгелаб" стадионунда орун алат.