Бүгүн, 7-июнда Тегеран шаарында футбол боюнча Ирандын улуттук курамасы жолдоштук беттеш алкагында кыргыз футболчуларын кабыл алууда. Улуттук курамабыздын машыктыруучусу Александр Крестинин беттешке 1-мүнөттөн тарта майданга чыга турган футболчулардын тизмесин бекитти.
КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, башкы курам төмөнкүчө:
Дарбазачы: Павел Матяш
Коргоочулар: Шерзот Шакиров, Дениэл Тего, Азамат Байматов, Турсунали Рустамов.
Жарым коргоочулар: Павел Сидоренко, Эдгар Бернхардт, Ахлидин Исраилов, Фархат Мусабеков, Антон Землянухин.
Чабуулчу: Виталий Люкс.