Бүгүн, 7-июнда Тегеран шаарында футбол боюнча Ирандын улуттук курамасы кыргыз футболчуларын кабыл алды. Жолдоштук беттеште 6:0 эсеби катталып, үй ээлери ишенимдүү жеңишке жетишишти. Атаандаштын чабуулда жана коргонуудагы тыкан, ыкчам аракеттери машыктыруучу Александр Крестининдин шакирттерин көп учурда жаңылууга мажбурлап жатты.
Улуттук курамабыздын курамында биринчи мүнөттөн тарта дарбазада Павел Матяш, коргонууда Шерзот Шакиров, Дениэл Тего, Азамат Байматов жана Турсунали Рустамов чыккан. Ал эми жарым талаада Павел Сидоренко, Эдгар Бернхардт, Ахлидин Исраилов, Фархат Мусабеков жана Антон Землянухин оюн алып барса, чабуулда жалгыз Виталий Люкс ойноду. Оюндун жүрүшүндө машыктыруучу 5 оюнчуну алмаштырды. 2-таймда майданга Ильдар Амиров, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу, Бахтияр Дүйшөбеков жана Валерий Кашуба сыяктуу футболчулар чыгышты.