"Орозбек Кутманалиев ырдаган "13 жашар баланын арманы" чыгармасынын негизинде манасчы Рысбай Исаков сценарий жазып, ошонун негизинде тасма тартканбыз. Бул менин биринчи тасмам. Ал кезде бүгүнкү күндөгүдөй жапырт кино тартыла элек болчу, кинотеатрлар иштебей токтоп калган, эл кино көрүүгө келчү эмес.
Негедир өзүм ушул темага кызыгып, алгачкы тасмамды тартып калдым. Албетте, биринчи тасма болгондуктан, айткым келген, бергим келген ойду башкача деңгээлде жеткирсем керек. Азыр тасманы кайра көрүп, сыймыктанам. Бүгүнкү күндө коммерциялык жолдор менен тасмага кеткен чыгымды актап жатышпайбы, ал учурда да, азыр деле "пираттык" дисктерди саткан адамдар пайда көрүшчү. Фильм өзүмдүн каражатыма тартылган, жогоруда айтпадымбы, кинотеатрлар иштебей калган деп, андыктан эч кандай пайда көрбөсөм да режиссёр катары фильм калың элге тараганына ыраазы болуп калгам".
"13 жашар баланын арманы" тасмасын бул жерден көрүңүз.