Улуттук Олимпиада комитетинин Аткаруучу комитети башкы катчы кызматына Саламат Эргешовду шайлады. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Олимпиада комитетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын талапкерлиги Эл аралык Олимпиада комитети жана Азиянын Олимпиадалык кеңеши тарабынан жактырылды.
С.Эргешов комитетте 2006-жылдан тарта иштеп келет.
Кошумчалай кетсек, буга чейинки башкы катчы Канат Аманкулов Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган.