Карим Бензема, Марко Ройс, Хуан Мата... Футбол боюнча Европа чемпиондугуна катышпай турган 11 мыкты футболчу

Бүгүн, 10-июнда Францияда футбол боюнча Европа чемпиондугу старт алат. Мелдешке жалпысынан 24 команда катышат жана оюндар 10 шаарда өткөрүлмөкчү.

Футболдун казаны кайнаган Европанын биринчилиги ар дайым дүйнө жүзүндөгү футбол сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн буруп келген. Бул мелдеште ойноону көптөгөн футболчулар кыялданышат. Тилекке каршы, баарынын кыялдары орундала бербейт. Мисалы, быйылкы мелдешке түрдүү себептерден улам төмөнкү атактуу футболчулар катыша алышпайт. Алар да биз сыяктуу эле эми беттештерди үйдө сыналгыдан көрүшөт.

Алардын арасынан Марко Вератти, Илкай Гундоган, Марко Ройс сыяктуу футболчулар мелдешке жаракаттан улам катыша алышпайт. Ал эми жаш курагына байланыштуу Андреа Пирло курамга чакырылган жок. Командаларындагы атаандаштыкты жеңе албай мелдешке катышуу укугунан ажырагандар: Пепе Рейна, Хатем Бен Арфа, Хуан Мата, Диего Коста. Ал эми Деян Ловрен машыктыруучу менен жаман мамиледе болгону үчүн курамга чакырылган жок. Карим Бензема командалашын интимдик видеолор үчүн шантаждаганы үчүн Европа чемпиондугуна катышпай турган болду. Ал эми Мамаду Сакхо допингге байланыштуу курамга чакырылган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Gisi
2016-06-10 15:26:14
Pepe menen Benzemaga kuiup jatam kaap ato Rassia Partugaliy alga finalda kutom
+1
ruslankg
2016-06-10 18:48:29
Gisi,португолия финалга чыгышы мумкун бирок орустар группадан ыргышат башка бир олконун группадан чыгышына оз салымдарын кошкону эле катышат.
0
rukopashnik
2016-06-10 16:03:58
фернандо торрес катыша турган болдубу ошондо??
0
bazarkyl
2016-06-10 16:04:34
Максат ЕВРО-16 биринчи оюун канчада башталат?
0
Alibek-0001
2016-06-10 16:07:44
Биринчи оюн саат 1де
0
sher.ella
2016-06-10 16:34:45
Алга алга
0
new_hacker
2016-06-10 20:31:11
sher.ella,Фотону коруп алып борум эзилип калды
0
Beki092
2016-06-10 21:06:52
Илкай Гундоган эмес

Илка́й Гюндоган десенер туура болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан