МЕДИА-ПОРТАЛ: "НурЧолпондун талантын көрсөтүү, таанытуу максатында сюжети жок "Издейм сени" клибин тарттык" дейт Сүйүн Откеев

"Медиа-портал" бөлүмү буга чейин интернет ааламында ырларын жүз миңдеген көрүүчүлөр көрүп, көпчүлүккө таанылып калган таланттуу ырчы НурЧолпондун "Издейм сени" ырынын жаңы клиби менен толукталды. Ырчынын продюсери Сүйүн Откеев клип тууралуу буларга токтолду:

"Негизи, клип сюжеттүү жана сюжети жок деген түрлөргө бөлүнөт. Бул ирет НурЧолпондун өзүнө, үнүнө, аткаруу чеберчилигине басым жасап, анын талантын, чыгармачылыгын көрсөтүү, таанытуу максатында сюжети жок клип тарттык. Клип бир күндө Улуттук филармонияда тартылды".

Белгилей кетсек, 4-июнда "Кыргыз киносу" кинотеатрында ырчынын тушоо кесүү чыгармачылык кечеси болуп өткөн. Анда жаш талантты куттуктап белгилүү юрист Жоомарт Жолдошев, "тамашоучу" Самат Эркинбек уулу жана башкалар келишкен.

НурЧолпондун "Издейм сени" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
etaj_rus79
2016-06-11 19:45:32
голосу аябай жакшы ийгилик сага нур чолпон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан