14-16-июнь күндөрү Түркмөнстанда Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Анын алкагында маданият жана искусство өкүлдөрүнүн катышуусунда концерт, тасмаларды көрсөтүү, жана кыргыз өлкөсүнүн туристтик көргөзмө-жарманкесин өткөрүү пландаштырылган.
Салтанаттуу маданий иш-чаранын ачылышы 2016-жылдын 14-июнунда өтөт. Анда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова, Улуттук филармониянын солисти Улан Качкыналиев, "Камбаркан" фольклордук ансамбли жана "Ак марал" бий тобунун коштоосунда концерт өтөрү күтүлүүдө.
15-июнда көргөзмө-жарманке уюштурулуп, кыргыз сүрөтчүлөрү тарткан сүрөттөр, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери эл назарына коюлса, ушул эле күнү "Ашхабад" кинотеатрында "Кызыл алма", "Курманжан датка" тасмалары көрсөтүлөт. Ал эми 16-июнда "Бакайдын жайыты" же дагы бир аталышы "Биздин балалыктын асманы" деп аталган тасма коюлат.