Бүгүн, 10-июнда Париж шаарында футбол боюнча Европа чемпиондугу старт алат. Континенттин биринчилиги мелдешти өткөрүп жаткан Франция курамасынын Румынияга каршы беттеши менен башталат.
Франция - Румыния
Стадион: "Стад-де-Франс"
Калыс: Виктор Кашшаи (Венгрия)
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)
Поль Погба баштаган франциялыктарга чоң жоопкерчилик артылып жатат.
Румыния курамасы беттешке кызуу даярдык көрүүдө.
Бул жолку мелдеш Европанын футбол ассоциацияларынын кеңешинин (УЕФА) 2008-жылы сунушталган схемасы боюнча өтүүдө. Мелдештин башкы жаңылыгы - катышуучу командалардын санынын көбөйтүлүп, 24 команда болгону. Командалар төрт-төрттөн 6 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык баскычтан плей-офф баскычына 16 команда чыгат, тактап айтканда, 6 тайпада алдынкы 2 орунду ээлеген командалар жана 3-орунду алган 4 мыкты команда.
"Евро-2016" Франциянын 10 шаарында өтүп жатат: Париж, Сен-Дени, Лион, Марсель, Лилль, Бордо, Тулуза, Ницца, Сент-Этьен жана Ланс.
Тайпалар төмөнкүчө:
“А” тайпасы: Франция, Румыния, Албания, Швейцария.
“В” тайпасы: Англия, Орусия, Уэльс, Словакия.
“С” тайпасы: Германия, Украина, Польша, Түндүк Ирландия.
“D” тайпасы: Испания, Чехия, Түркия, Хорватия.
“Е” тайпасы: Бельгия, Италия, Ирландия, Швеция.
“F” тайпасы: Португалия, Исландия, Австрия, Венгрия