Талас дарыясынын деңгээли өз нугунан көтөрүлүп, Талас шаарынын четиндеги токойду каптап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда П.Жумакеева аттуу интернет колдонуучу Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Маалым болгондой, дарыя суусу токойду саат 17:00 чамасында каптаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен SUPER.KG'ге билдиришкендей, шаардагы Жарандык коргонуу комиссиясы аталган жайга барып, тал-теректерди дарыя четине таштап, суунун нугун бурду. Учурда коркунуч жоюлду. Суу каптап кеткен токой Талас шаарынан 3-4 чакырым алыстыкта жайгашкан.