Биз социалдык тармакта

Газдын жарылуусунан денеси күйүп ооруканада жаткандардын төртүнчүсү каза тапты

Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы газ ташыган унаанын жарылуусунан жабыркап ооруканада жаткандардын дагы бири каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков SUPER.KG порталына кабарлады. Каза болгон жарандын денесинин 95 пайызы күйүп калып, абалы оор болчу. Учурда №4-оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган 6 адамдын экөөсү гана калды. Ал эки адамдын биринин денеси 60, биринин денеси 70 пайызга күйгөн.

"Денесинин 95 пайызы күйүп калгандыктан, 10-июнда кечке жуук каза болду. Ал эми учурда ооруканада эки жабырлануучу калды. Алардын абалы жакшы", - деди Кубатбеков.

Буга чейин жарылуудан жаракат алган үч адам ооруканадан каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aiza9675
2016-06-12 13:45:25
Тез сакайып кетишсин! Кудайым ар бир адамга омур берсинчиии! Эч оорубагыла!
+7
Inna_91
2016-06-12 13:59:18
Лейлектен дагы олуптур Буркут аваны тааныйт эдем. Жайлары жаннатан болсун
+4
zear8891
2016-06-12 14:33:11
Абдрахманов Буркут 8-июнь куну каза болуп,лейлекте жерге берилди. 10-июнь куну Аманов Эрнист каза болду.кече жерге берилди.бири апамдын иниси болсо,бири атамдын иниси эле.экоон тен эн жакшы адамдар эле.дагы эле жоготконума иштебей жатам.айла жок эми.жайы жаннатта болсун
+3
Patriot..kg
2016-06-12 14:35:14
Несебептен жарылуу болду эле
-1
AKTILEK89
2016-06-12 16:09:18
Жайын жаннаттан бере кор аллахым
+3
sher.ella
2016-06-12 17:37:24
Олгондордун тортообу тен Лейлектиктер болсо керек менин угушум боюнча олгондордун жайлары жаннаттан болсун
+2
zear8891
2016-06-12 21:06:48
Мамлекеттен болунгон акчанын калганын каза болгондордун уйбулосуно берсе жакшы болмок.бардыгынын балдары жаш калды.анан Абдрахманов Буркуттун эрдигин, баатырларча каза болгонун элге айтыш керек
0
saian.00
2016-06-12 21:42:11
Ажал экенда эми ата-эне бир туугандарына сабыр берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан