12-июнда футбол боюнча Европа чемпиондугунда Түркия курамасы менен Хорватия кез келип, хорватиялыктар жеңишке жетишкен. Бул беттеш учурунда Хорватиянын капитаны Дарио Срнанын атасы көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, оюндан кийин 34 жаштагы футболчу мекенине бет алды. Анын атасын жерге берүү зыйнатына катышып, кайрадан Францияга кайтып келери күтүлүүдө.
Хорватия курамасы кезектеги беттешин 17-июнда Чехия курамасына каршы өткөрөт.