"Медиа-портал" бөлүмүндөгү сүйүүнү, аруулукту даңазалаган, эл арасында хитке айланган чыгармалардын бири - "Аруузатым" ырынын клиби.
Сөзү, обону белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевге таандык бул ырдын клиби тууралуу Аскат Мусабеков буларга токтолду: "Аруузатым" ырынын клиби 6 жыл мурун тартылган, клиптин сценарийи, идеясы режиссёр Акжол Бекболотовго таандык. Актёрлорду тандоодо экөөбүз кеңешип, чогуу тандаганбыз. Адашпасам, жалпы 2 миң доллардай акча каражаты кеткен.
Клип жарыкка чыкканда кээ бири "тасма көргөндөй болдук, жакшы болуптур" десе, башкалары "клипке түрмө, кылмышкер тууралуу кадрларды кошпой эле койcоңор болмок" деген эки түрдүү пикир пайда болгон. Биз бул чыгарма аркылуу "жаман адам аруулуктун, сулуулуктун арты менен жакшы жолго түшөт деген" ойду айталы дегенбиз.
Клиптин сюжети кимдир бирөөнүн жеке жашоосунан алынган эмес. Ырдын сөзүнө карап клип тартканбыз. Жашоодо түрдүү тагдырлар кездешет эмеспи. Бул ыр менин жашоомдон алынганы тууралуу пикирлер да эл арасында көп айтылып келет. Азыр деле ыр да, клип да өзүнүн актуалдуулугун жогото элек".
Аскат Мусабековдун "Аруузатым" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.