Алматыда өткөн "Тоо күнү" VI Эл аралык балдар фестивалында кыргыз ырчылары алдынкы орундарга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Фестиваль Алматы шаарында 3-5-июндарда болгон. Иш-чаранын негизги максаты балдардын чыгармачылыгын өркүндөтүү, колдоо жана таанылтуу, балдардын эстетикалык жана көркөм чыгармачылык табитин калыптандыруу, балдар эстрадасындагы жетишкендиктер менен бөлүшүү, достук мамилелерди бекемдөө болуп саналат.
Бул фестивалга КМШ өлкөлөрүнөн келген 5 жаштан 16 жашка чейинки миңден ашуун бийчи, ырчылар катышты.
"Кыргыз өлкөсүнөн Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинен Айдана Эмирова, Вероника Жайнакова жана Гузаль Бейшенбаева катышкан. Үч катышуучу тең биринчи орундарга ээ болушуп, 1-даражадагы диплом, кубок жана медалдар менен сыйланышты", - деп айтылат маалыматта.