Депутат "өкмөт канынан мельдоний табылган кыргыз спортчусуна жардам бербей жатат" деп нааразы болду

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 13-июндагы жыйынында "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына барбай турган спортчу Жанарбек Кенжеевдин маселеси каралды.

Депутат Рыскелди Момбековдун айтымында, өкмөт Ж.Кенжеевге болушкан жок жана жардам көрсөткөн жок. "Башка мамлекеттерде жолдомо утуп алган спортчулары үчүн өкмөт бүт күчүн жумшайт. Бизде болсо өкмөт спортчубузду талаага таштап койду. Спортчубуз Жанарбек эртең маалымат жыйынын өткөрүп, президенттен жардам сурайм дейт. Көчөдө эки адам урушуп кетсе, президент аларды элдештире турган болду. Өкмөт эмнеге кийлигишпейт?" - деп нааразы болду депутат.

Өкмөттүн алдындагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов Ж.Кенжеевге мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүп турганын билдирди. "Жанарбек Кенжеевге мамлекет тарабынан айына 45 миң сом, Олимпиада комитетинен 650 доллар берилип турат. Мындан тышкары кийим-кече, дары-дармек менен камсыздалып турат", - деди Аманкулов.

Эскерте кетсек, 11-майда Бириккен күрөш дүйнөсү уюму (UWW) допинг колдонгондорун аныктап, жолдомо уткан 7 спортчунун жолдомосун жокко чыгарган. Ал жолдомолор башка спортчуларга берилген. Алардын катарында кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев да бар (мельдоний табылган).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан